Бышыктоо тесттери

Бышыктоо тесттери

от Admin ilimbox -
Количество ответов: 0

Биздин команла берилген теле сабактардын темасына карата бышыктоо тесттерин киргизүүнү чечти. Бышыктоо тестин киргизүүнүн максаты – окуучунун темадан алган билимин, көндүмдөрүн тесттик суроолордун жардамы аркылуу текшерүүгө багытталган.

тесттин мисалы

Алгач тест деген бул эмне? 

Ошого токтололу: тест - (англ. – test – сыноо, текшерүү, байкоо жүргүзүү) – сыналуучунун (мында окуучу) билим, билгичтик жана көнүм деңгээлдерин кыска убакыттын ичинде аныктоого арналган каражат. Тест ички мазмунуна жараша стандартташтырылган тапшырма, аткарган функциясына жараша процесс деп да айтылат. Колдонуу чөйрөлөрүнө жараша тест педагогикалык жана кесиптик багыттарга бөлүнөт. Окуу процессинде колдонулуучу тест контролдоонун формасы катары аныкталат (википедиядан алынды).

Демек, окуучунун билгичтик жана көндүм деңгээлдерин кыска убакыттын ичинде аныктоого арналган каражат болгондугуна байланыштуу, тестти түзүүдө эмнелерге көнүл буруу керек:

1. тесттик суроо окуучуга берилген гана предметтик материалды камтышы керек, же ага маанилеш глава же бөлүмдөгү темаларды катышы зарыл.

2. тесттик суроо окуучуга түшүнүктүү, жеткиликтүү тил (терминдер, аныктамалар, эрежелерди) колдону менен жазылышы шарт.

3. тесттик суроодогу дистракторлор (туура эмес жооптор) баланын оюн чаржайыт кылуудан алыс болушу шарт.

Ушул талаптарды аткаруу менен ар бир теле сабакка кирген темаларга карата адис-методист тесттик суроолорду иштеп чыгарды. Иштеп чыгуу мезгилинде анын предметтик стандартка, предметтик программага дал келиштирүү да шарт. 

Эн негизгиси календардык тематикалык планга карата дал келишин, так болуусун көзөмөлдөө керек, себеби КТП темалары жумага карата, чейрекке карата бөлүнүүсү каралган аны да эске алуу менен гана окуучунун билим көндүмдөрүн баалаган тесттик суроолор даярдалып, платформага киргизилген. 

Ошентип тесттик сурооолорду түзүү бул өзүнчө эле өнөр, ар бир тесттик суроону түзүүгө белгилүү убакыт да талап кылынат... биздин платформада тесттик суроолор атайын тест түзүү боюнча көндүмдөрү бар адис-методист тарабынан иштелип чыгылды.

Бышыктоо тесттер

Даяр болгон тесттик суроолор практик-мугалимдер тарабынан сыноого алынып, алардын темаларга дал келишүүсүнө баа берилди, мугалимдердин оюу анкетада көсөтүлгөн.