Илимбокс фокус группасын түзүү

Илимбокс фокус группасын түзүү

by Admin ilimbox -
Number of replies: 0

Илимбокс командасы даяр болгон материалдарды эң алгачкылардан болуп мектеп мугалимдери менен бөлүштү. Себеби бул платформа мугалимдер учун да даярдалган. Ошондуктан платформанын алгачкы сынчылары мугалимдер болуусун кааладык.

Бул байланыштын максаты:
  • Даяр болгон материалдар мугалимдин сынынан өтүшү керек. Себеби, биз даярдаган  материалдар мугалимдин көз карашында, кабыл алуусунда кандай болот? Ушул суроого да жооп алышыбыз зарыл эле.

  • Катталуунун окуучуга жеткиликтүүлүгү, аты –жөнү кайсы тилде жазылса, катталунун тепкичтерин эске алуу менен ой-пикирлерин угуу.

  • Санариптештирилген окуу китебин окуучулар мобилдик приложение түрүндө ачып окуй алышабы ж.б. негизи эле Илимбокс платформасынын киришүү бетиндеги маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн баалап берүү. 

Мугалим санариптелген предметтик китептердин мазмуну менен таанышып анын программа, КТП га дал келерээн сын көз караш менен баалашы биз үчүн туура багытты көрсөттү десек болот, себеби мугалимдердин сынынан кийин өзгөртүүлөдү киргиздик, платформабызды ийкемдүү кылдык. Андан кийинки мугалимдердин сынына бышыктоо тесттин бердик.

Бышыктоо тесттери

Бышыктоо тестиндеги тесттик суроолор менен таанышып анын канчалык денгээлде окуучуларга жеткиликтүүлүгү, темаларга дал келүүсү жөнүндө ой бөлүшүштү, өз копилкаларындагы тесттик суроолор менен бөлүшүүгө даяр экенин айта кетип жатышты. 

Ушул максат менен Илимбокстун командасы Чуй облусунун, Бишкек шаарынын иштеше алабыз деген мектептерине тааныштыруу, ой бөлүшүү жолугушууларын өткөрүштү.

Жолугушууга ачык болмок мектептерди белгилеп кетким келет, ал мектептер билим берүү системасында жаңычыл өзгөрүүлөдөн коркпогон новатор мектептер. Алар: 

  • Новопокровка орто мектеби
  • Новопавловка №1 Ч.Айтматов атындагы лицейи
  • Бишкек шаардык № 11-орто мектеби
  •  № 1 Каниметов атындагы жатак орто мектеби

Өйдөдөгү аты аталган мектептерде жолугушу мезгилинде мугалимдер өз ой сунуштарын анкетага жазып беришти.

Волонтер мугалимдер

Андан сырткары өз демилгеси менен биз менен иштешүүгө бел байлаган жаш мугалимдер кайрылып жатышты: Бишкек шаарындагы №1 Каниметов атындагы жатак-мектебинин география мугалими, Каракол шаарынан кыргыз тили, адабияты мугалими, Лейлек райондук Б.Саттаркулов атындагы мектептен кыргыз тили жана адабияты мугалимдери өз ойлорун жазып жатышты, англис тили мугалими волонтер жаштарыбыз өз жардамдарын аяшкан жок. 

Илимбокс ачык билим берүү платформасы практик мугалимдердин сынчыл көз караштарына, жардамына терең ыразычылык билдирип келебиз!