ilimbox билим беруу платформасы жөнүндө

ilimbox билим беруу платформасы жөнүндө

by Admin ilimbox -
Number of replies: 0

"ilimbox.kg - Кыргызстандагы кыргыз тилдүү мектептерге алгачкы онлайн билим берүү платформасы."

TOIVPmCOWwJp5xQhfAQwhysQgjVuM1Msc0QBDijBr5VeC9SmFnWg9UWGd-vQz-cmDiSL_Rzyd4dkMxDW0X2dfYyQteYk3Msbw-nt2gObM9Prwd5R3HYMCTJ9YgI3NzsaQb6EJB50=s0

Дистанттык окутууга мүмкүндүк берген система. Платформанын жардамы менен онлайн сабактарды окууга, окуучулар менен мугалимдердин өз ара аракеттешүүсүн уюштуруп, окуу жыйынтыктарына баа бере алат.

Кыргызстандын баардык кыргыз тилдүү мектептериндеги мугалимдер жана мектеп окуучулары үчүн билим берүү платформасы https://ilimbox.kg дареги боюнча жайгаштырылган. Баардык материалдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинин стандарттарына жооп берет.

ilimbox.kg платформасынын артыкчылыгы:

  • Баардык видео сабактар тез жүктөлөт, окуу материалдары уюлдук телефонго, планшет жана компьютерге ыңгайлаштырылган.

  • Оңой үйрөнүү: календардык интеграция, эстеткичтер, акыркы окууган материалга кайтуу жана башкалар.

  • Бышыктоо тестери жана кызыктуу интерактивдуу оюндар.

  • Убактылуу мектепке барбай турган окуучулар үчүн окуу программасынан арта калбай, окууну улантып кете алчу мумкунчулук.

  • Мугалимдердин предметтер боюнча санарип мультимедиа материалдары  менен камсыздоо.

  • Пандемия учурунда жеткиликтүү жана баардык окутуу материалдары бир жерде чогулган окутуу куралы.

Платформадагы аракеттер боюнча отчетторду түзүүгө мүмкүндүк берген аналитикалык система бар. Мисалы, курстун көрүүлөрү, комментарийлер, кириштер жана чыгуулар. Бул өз учурунда окуу жыйынтыктарына баа бере алат.

Команданын мындан аркы пландары: кызыктуу окуу материалдар менен толторуу, орто мектеп окуучулары үчүн физика, химия жана табигый илим сабактары боюнча эксперименттердин кыскача видеолорун кыргыз тилинде даярдап жайгаштыруу. ЖРТ жана предметтик тесттер менен ilimbox.kg платформаcын толтуруу.