Долбоор жөнүнүндө | Биз жөнүнүндө | О проекте

Долбоор жөнүнүндө | Биз жөнүнүндө | О проекте

by Admin ilimbox -
Number of replies: 0

"ilimbox.kg - Кыргызстандагы кыргыз тилдүү мектептерге алгачкы онлайн билим берүү платформасы."

Дистанттык окутууга мүмкүндүк берген система. Платформанын жардамы менен онлайн сабактарды окууга, окуучулар менен мугалимдердин өз ара аракеттешүүсүн уюштуруп, окуу жыйынтыктарына баа бере алат.

Кыргызстандын баардык кыргыз тилдүү мектептериндеги мугалимдер жана мектеп окуучулары үчүн билим берүү платформасы (веб-сайт, мобилдик тиркемеси жана интернет жок аймактарга электрондук кутучасы). Баардык материалдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинин стандарттарына жооп берет.

ilimbox билим берүү платформасына азыркы учурда кыргыз тилдүү мектепте окуган окуучуларга онлайн сабактарды жана окуу материалдарын жайгаштырууну туура корот. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлиги берген статистикада Кыргызстандын 58% окуучулары кыргыз тилдүү мектепте билим алышат. Министрлик тарабынан иштелип чыккан видео сабактар бар экендигине карабастан материалдар аз. Ушул себептен ilimbox.kg платформасына кыргыз тилиндеги онлайн сабактар жана билим берүү материалдары тандалып алынган.

ilimbox билим берүү платформасы 6-11 жогорку класстын окуучуларына арналып иштелип чыккан. Себеби эң жөнөкөй, жогорку класстын окуучуларында уюлдук телефондору бар жана интернет байланышы менен камсылдаган. 6-11 класстын окуучулары оңой колдоно алышат, алар онлайн сабактарды окууну, уюлдук телефон, компьютерден тестерди жана интерактивдүү тапшырмаларды өз алдынча аткарууну жакшы өздөштүрүшкөн.

Ушул себептен улам, жогорку класстын окуучуларына ilimbox платформасын иштеп чыгууну туура көрдүк.

Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим Министрлиги иштеп чыккан видео сабактарды ilimbox билим берүү платформасына кызыктуу, мазмундуу жана маалыматтуу кылып жайгаштырдык. Видео сабактарды бир узун видео кылбай, сабактын мазмуну менен бөлүп, маалыматтуу текст, сурөт материалдарын жайгаштырдык. Интерактивдүү оюндар менен бышыктоочу тесттер онлайн сабактарды кызыктуу кылат деп ишеничтебиз.

ilimbox.kg платформасынын артыкчылыгы:


  • Баардык видео сабактар тез жүктөлөт, окуу материалдары уюлдук телефонго, планшет жана компьютерге ыңгайлаштырылган.

  • Оңой үйрөнүү: календардык интеграция, эстеткичтер, акыркы окууган материалга кайтуу жана башкалар.

  • Бышыктоо тестери жана кызыктуу интерактивдуу оюндар.

  • Убактылуу мектепке барбай турган окуучулар үчүн окуу программасынан арта калбай, окууну улантып кете алчу мумкунчулук.

  • Мугалимдердин предметтер боюнча санарип мультимедиа материалдары  менен камсыздоо.

  • Пандемия учурунда жеткиликтүү жана баардык окутуу материалдары бир жерде чогулган окутуу куралы.

Команданын мындан аркы пландары: кызыктуу окуу материалдар менен толторуу, орто мектеп окуучулары үчүн физика, химия жана табигый илим сабактары боюнча эксперименттердин кыскача видеолорун кыргыз тилинде даярдап жайгаштыруу. ЖРТ жана предметтик тесттер менен ilimbox.kg платформаcын толтуруу.

Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин ilimbox командасы “IlimBox” санарип китепканасын ишке киргизген. Азыркы учурда мекенибиздин алыскы аймактарда жайгашкан, кабелдик интернетти алып барууга мүмкүн болбогон, интернет байланышы жок мектептерде «Илимбокс» жабдыгы орнотулган.

Санариптик китепкана өз ичине кыргыз, орус жана англис тилдериндеги «Википедияны», англис тилиндеги Хан академиясын, ошондой эле миңдеген аудио, видео сабактарды жана электрондук китептерди камтыйт. Бул система интернетке кошулбастан эле бардык билим берүү ресурстарына жетүүгө мүмкүндүк берет. Толугураак маалымат https://isoc.kg/ru/ilimbox/ жайгаштырылган.

Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана Кумтор компаниясынын каржылык колдоосу менен жүргүзүлөт.