Билим берүү платформасын иштеп чыккан топ:
Жоопкерчиликтүү уюм: Кыргыз Интернет Коому
ilimbox.kg - Кыргызстандагы кыргыз тилдүү мектептерге алгачкы онлайн билим берүү платформасы.
Дистанттык окутууга мүмкүндүк берген система. Платформанын жардамы менен онлайн сабактарды окууга, окуучулар менен мугалимдердин өз ара аракеттешүүсүн уюштуруп, окуу жыйынтыктарына баа бере алат.
Кыргызстандын баардык кыргыз тилдүү мектептериндеги мугалимдер жана мектеп окуучулары үчүн билим берүү платформасы (веб-сайт, мобилдик тиркемеси жана интернет жок аймактарга электрондук кутучасы). Баардык материалдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинин стандарттарына жооп берет.
Дистанттык окутууга мүмкүндүк берген системаны, билим берүү платформасын өз ишин мыкты билген жана мекенибиздин ар-намыстуу жарандары жаратып жатат. ilimbox долбооруна Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына чоң салым кошом жана өнүктүрөм деген адамдар чогулган.
Алар:
Талант Султанов, “Кыргыз Интернет Коому” коомдук бирикмесинин төрагасы. ilimbox долбоору коомдук бирикменин алдында жана Талант мырзанын жардамы менен жүргүзүлүп жатат.
Азиз Солтобаев, долбоордун координатору жана ilimbox командасынын кеңешчиси. Дистанттык окутууга мүмкүндүк берген системаны, ilimbox билим берүү платформасын иштеп чыгуу демилгесин көтөрүп чыккан адам.
Жазгуль Зуридинова, долбоордун менеджери, буга чейин Кыргызстандын интернет байланышы жок аймактарында жайгашкан мектептерге “ilimbox санарип китепкана” долбоорун ишке ашырып келди. Азыркы учурда ilimbox командасынын менеджери болуп, коюлган баардык иш пландарды өз убагында аткарылышына жоопту.
Эржигит Имамов, ilimbox долбоорунун башкы техникалык инженери. “ilimbox санарип китепкана” колдонмосунун ойлоп табуучусу, ilimbox билим берүү платформасынын техникалык камсыздандыруу тармагына жоопту.
Фариза Чилмергенова, онлайн сабактарды жана окуу материалдарын колдонуучуларга ынгайлаштыруу менен, керектүү нерселерди тез убакытта издеп таап алууну жасайт.
Назбубу Бабаярова, Памир Каразаков жана Айкерим Муканбетова мектептин билим берүү боюнча адиси кызматын аткарышат. Платформадагы билим берүү материалдарына жана коомчулук менен байланышка жоопту.
Ажыбек Нурланов, маркетинг адиси жана коомчулук менен байланышка жоопту.
Ошондой эле биздин ilimbox командасында программист адистерибиз эмгектенишет. ilimbox билим берүү платформасын (www.ilimbox.kg сайттын) иштеп чыгуучулар.
ilimbox командасы Ысык-Көл облусунун тажрыйбалуу мугалимдери менен иштешет. Мугалимдер ilimbox платформасына онлайн сабактарды иштеп чыгышат. ilimbox командасы мугалимдерди тандап алып санарип көндүмдөр жогорулатуу жумалык тренингдерин уюштурушкан.
Санарип тажрыйбалырын жогорулаткан соң ilimbox билим берүү платформасынын окуу материалдарынын үстүнөн иштей башташкан.Учурда жогорку класстын окуучуларына 12 предметтин онлайн сабактары иштелип чыгып жайгаштырылды.
Мугалимдер:
Жалилова Барчын Басызбековна - “Кыргыз тили” мугалими
Дуйшонбиева Мээрим Рысбековн - “Орус тили” мугалими
Сегизбаева Гүльбарчын Рысбековна - “Англис тили” мугалими
Исакбекова Гүлшат Кумарбековна - “Тарых” мугалими
Темиралиева Чолпон Каныбековна - “Физика” мугалими
Тезекбаева Динара Ибраимовна - “Биология” мугалими
Сырдыбаева Айзада Саякбаевна - “Информатика” мугалими
Эльмира Самудиновна - “География” мугалими
Деркембаева Айгуль Азаматовна - “Алгебра” мугалими
ilimbox командасы Ысык-Көл облусунун тургундары менен иштешет, студенттер ilimbox платформасына мугалимдер иштеп чыккан онлайн сабактарды жайгаштырышат. ilimbox командасы студенттерди тандап алып санарип көндүмдөр жогорулатуу жумалык тренингдерин уюштурушкан, санарип тажрыйбалырын жогорулаткан соң ilimbox билим берүү платформасынын окуу материалдарын жайгаштыра башташкан.
Контент адистер:
Кубанов Данияр Кубанович - Кыргыз тили контент адиси
Жавдедов Камил Рустамович - Орус тили контент адиси
Саякбаева Айдана Ракымовна - Биология контент адиси
Хасанова Диана Рашидовна - География контент адиси
Махмутова Жанат Муратовна - Алгебра, геометрия контент адиси
Туратов Алмаз Нурбекович - Геометрия контент адиси
Жолдошбеков Абдылканый - Тарых контент адиси
Ахатова Нуркыз Ахатовна - Англис тили контент адиси
Орозонов Дастан Болотбекович - Физика контент адиси