Платформа менен таанышуу

Платформа менен таанышуу

от Ажыбек Нурланов -
Количество ответов: 0

eqcN_gOfzITWdIh92BC9AO_Mwp3CYwXpJhoKhvk7r_K_KcK01U5-9TZW7yW9v3HgxanBdp29-lCbUNsh9-TAyyFfFEZTPmwxsIC-aydBOA_dn3x7af8V9LfvB8D9pvBiz9H5-Xy5

Биздин команда ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасын тааныштырууну улантууда. Бул жолу Нарын шаарынын Кычан Жакыпов атындагы №5 орто мектебинин окуучулары, мугалимдери жана мектеп жетекчилери үчүн презентация болуп өттү.

-OKvcWTI80DDDga8SCWyQLkArb7Ovm6ScQ1wXjra80f8QhpUz_tBLhpMWa7KfLfh-RvnhBn-qTQWCMQ4FifruvBccPculv_nyvJ-LBOhcfIyjdwzsLQ1eCkODGOrNd_xxgcLGSO7

Тааныштыруу учурунда ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасы жөнүндө толук маалымат берилип, платформага катталуу жолунан окуу предметтеринин окуу жол жоболору көрсөтүлүп, онлайн сабактардын мазмунуну жөнүндө маалымат берилди. Мугалимдер өз учурунда платформаны окуучулар менен чогу колдоноорун айтышты.


Ilimbox - бул Кыргызстандагы алгачкы кыргыз тилиндеги санариптик билим берүү булактарына тез жана коопсуз жеткиликтүүлүктү, окутуучулар менен окуучулардын арасында байланышты, окуучунун жетишкендиктерин көзөмөлдөөнү, балдар үчүн мектепке дарт же карантинден улам убактылуу бара албаган учурларда дистанттык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган EduTech (билим берүү технология) комплекси. Мындай платформа окуу китептеринин жетишсиздиги, мугалимдердин жоктугу же класс карантинге жабылганда көйгөйлөрдү чечүү куралы катары актуалдуу.


Мектеп окуучулары үчүн Ilimbox дистанттык билим берүү долбоору АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин @usembassybishkek Демократиялык Комиссиясынын 2020-2021-жылдары чакан гранттар программасы тарабынан каржыланат.