Биздин команда ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасын тааныштырууну улантууда. Бул жолу Нарын шаарынын А. Садыков атындагы №9 орто мектебинин окуучулары, мугалимдери жана мектеп жетекчилери үчүн презентация болуп өттү.
Тааныштыруу учурунда ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасы жөнүндө толук маалымат берилип, платформага катталуу жолунан окуу предметтеринин окуу жол жоболору көрсөтүлүп, онлайн сабактардын мазмунуну жөнүндө маалымат берилди. Мугалимдер өз учурунда платформаны окуучулар менен чогу колдоноорун айтышты.
Мектепте 500гө жакын окуучу, 40ка чукул мугалим эмгектенет. Мугалимдер жана окуучулар ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасы дистанттык билим берүүдө жардамга келген эң мыкты платформа экенин жана кошумча билим алууга шыктандырган платформа экенидигин билдиришти. Онлайн сабактары, окуу материалдары кызыктуу жана мазмундуу экендигин баса белгилеп, жакшы ой-пикир калтырышты.
Мектеп окуучулары үчүн Ilimbox дистанттык билим берүү долбоору АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин @usembassybishkek Демократиялык Комиссиясынын 2020-2021-жылдары чакан гранттар программасы тарабынан каржыланат.