Биздин команда ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасын тааныштырууну улантууда. Бул жолу Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Исакова Гулбарчын Бейманжановна, башкы жана жетектөөчү адистер катышышты.
Тааныштыруу учурунда ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасы жөнүндө толук маалымат берилип, платформага катталуу жолунан окуу предметтеринин окуу жол жоболору көрсөтүлүп, онлайн сабактардын мазмунуну жөнүндө маалымат берилди.
Биз ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасынын билим берүү бөлүмдөрү, мектеп администрациялары, окуучулар жана мугалимдер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын кеңири көрсөттүк. Өз кезегинде Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жана жетектөөчү, башкы адистери бул маалыматты Нарын районундагы жайгашкан мектептер менен бөлүшүүнү чечишти.
Нарын районунда 34 мектепте 12802 окуучу билим алып, 2905 мугалим эмгектенет. ilimbox - интернеттеги ачык билим берүү платформасы. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар сабакты үйдө өздөштүрүү үчүн ыңгайлуу форматтын, - видео, аудио, текст, тандай алышат. Ал эми республиканын алыскы айылдарындагы окуучулар борбордогу мектептери колдонгон билим булактарына ээ боло алышат.
Мектеп окуучулары үчүн Ilimbox дистанттык билим берүү долбоору АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин @usembassybishkek Демократиялык Комиссиясынын 2020-2021-жылдары чакан гранттар программасы тарабынан каржыланат.