ilimbox.kg - Санарип билим булагы билим берүү платформасын менен 34 мектептин директорлору таанышышты

ilimbox.kg - Санарип билим булагы билим берүү платформасын менен 34 мектептин директорлору таанышышты

by Ажыбек Нурланов -
Number of replies: 0

2ZdUcghzUEUHaT-pCphH2zTHpJPOpnO91UhyRtj2ElacWOhcVnbAE59Sfh7IDOS78MCPyQ9P8ZKwF0Woju9wV3SnIncWU33CqdYhBVSQZ5r-Ar5AsZu79ykWhoFm9qJl0gkx_4v4

Биздин команда ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасын тааныштырууну улантууда. Бул жолу Нарын районунда жайгашкан 34 мектептин директорлору катышкан тааныштыруу иш-чарасы болуп өттү.

1pPvAEb_jSoJ_BHyDgBI-0SoJLD9rgzI9sH8y1DH1NIJd-4goqj7usxXoVg_IMdgwRbqHBIoYcRYwuS_wu2HmJkiRQvgX51kzcSw6mNDTJUFEwBVRQzHJEEjsdQ7BHmnRrTA2WsO

Тааныштыруу учурунда ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасы жөнүндө толук маалымат берилип, платформага катталуу жолунан окуу предметтеринин окуу жол жоболору көрсөтүлүп, онлайн сабактардын мазмунуну жөнүндө маалымат берилди.


Биз ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасынын билим берүү бөлүмдөрү, мектеп администрациялары, окуучулар жана мугалимдер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын кеңири көрсөттүк. 


Нарын районунда 34 мектепте 12802 окуучу билим алып, 2905 мугалим эмгектенет. ilimbox - интернеттеги ачык билим берүү платформасы. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар сабакты үйдө өздөштүрүү үчүн ыңгайлуу форматтын, - видео, аудио, текст, тандай алышат. Ал эми республиканын алыскы айылдарындагы окуучулар борбордогу мектептери колдонгон билим булактарына ээ боло алышат.


Жолугушуунун жүрүшүндө биз платформабыздын артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, көп берилүүчү суроолорго жооп берип, пикирлерди жана жакшыртуу боюнча сунуштарды алабыз.


Мугалимдер жана окуучулар биздин платформа менен активдүү колдонушуп жана ошондой эле бул жаңылык менен бөлүшүп, социалдык тармактарда бизди белгилешет.


Мектеп окуучулары үчүн Ilimbox дистанттык билим берүү долбоору АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин @usembassybishkek Демократиялык Комиссиясынын 2020-2021-жылдары чакан гранттар программасы тарабынан каржыланат.