ilimbox.kg - Санарип билим булагы билим берүү платформасы менен таанышуу

ilimbox.kg - Санарип билим булагы билим берүү платформасы менен таанышуу

by Ажыбек Нурланов -
Number of replies: 0
462J9WLWdFsOWQa9-xmPC6gbGJdaa6__AIfPtR6zAb4sVPNiLcZuK0JS_ZJMZpcGWKok_GbIleViTsx0n92_LR0UZU76QVbXw1hZxRekgAeE1y4WIrCM-cKNhHfi4OwFTi6HIedw

Нарын районунун Миң-Булак айлынын Т.Байсалов атындагы орто мектебинин окуучулары, мугалимдери жана мектеп жетекчилери үчүн ilimbox.kg - онлайн билим берүү платформасы менен тааныштыруу болуп өттү.

TLdCKNxH9YBhXcb_e7s1kAn37LX75pQpa45PDxFhwJsplT7TKfvP2iLdwTro3ya7IY0CQTBBbvlsOr_FJbn7Jt8JYUzV8nBsZjGS2UfFgRtgj8wJeEd5oR1ZLgg2kRlUu1kJp6eo


Тааныштыруу учурунда ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасы жөнүндө толук маалымат берилип, платформага катталуу жолунан окуу предметтеринин окуу жол жоболору көрсөтүлүп, онлайн сабактардын мазмунуну жөнүндө маалымат берилди. Мугалимдер өз учурунда платформаны окуучулар менен чогу колдоноорун айтышты.


Мектепте 226 окуучу, 26 мугалим эмгектенет. Мугалимдер жана окуучулар ilimbox.kg билим берүү онлайн платформасы дистанттык билим берүүдө жардамга келген эң мыкты платформа экенин жана кошумча билим алууга шыктандырган платформа экенидигин билдиришти. Онлайн сабактары, окуу материалдары кызыктуу жана мазмундуу экендигин баса белгилеп, жакшы ой-пикир калтырышты. 

K8y_bGj45oSrRYGhv99g4glifSgAZ1EpJHvvbttKG08S602g-7x6Qub4qGmPekghASFCHvW8OKLcQDVBEzCain7PNFwH3uqPcN5x8MzBhZhIiueMgCboAlovg81nhpkdP7XpsMo6

Мугалимдер жана окуучулар биздин платформа менен активдүү колдонушуп жана ошондой эле бул жаңылык менен бөлүшүп, социалдык тармактарда бизди белгилешет.


Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар сабакты үйдө өздөштүрүү үчүн ыңгайлуу форматтын, - видео, аудио, текст, тандай алышат. Ал эми республиканын алыскы айылдарындагы окуучулар борбордогу мектептери колдонгон билим булактарына ээ боло алышат.


Жолугушуунун жүрүшүндө биз платформабыздын артыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, көп берилүүчү суроолорго жооп берип, пикирлерди жана жакшыртуу боюнча сунуштарды алабыз.


Мектеп окуучулары үчүн Ilimbox дистанттык билим берүү долбоору АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин @usembassybishkek Демократиялык Комиссиясынын 2020-2021-жылдары чакан гранттар программасы тарабынан каржыланат.